Бишкектен 70 чакырым аралыкта жер титирөө катталды

Бүгүн саат 13:17де Кыргызстанда күчү очогунда болжол менен 4 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тактап айтканда:
- Таш-Дөбө айылынан түндүк-чыгышты көздөй 27 км алыста,
- Кара-Мойнок айылынан түндүк-батышты көздөй 34 км алыста,
- Бишкек шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 70 км алыста жайгашкан.
Жер титирөөнүн калктуу конуштардагы сезилүү интенсивдүүлүгү төмөнкүдөй болду:
- Кара-Мойнок, Таш-Дөбө жана Дон-Алыш айылдарында – 2,5 балл.