Бишкектеги ыштын келип чыгуу себептерине байланышкан жыйын өтүп бир катар тапшырмалар коюлду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилген 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарында абанын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги чаралар планынын аткарылышы тууралуу жыйын өткөрүлдү.

Отурумга катышкан тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, банктардын, ошондой эле ишканалардын жетекчилери катышып өз тармактарындагы – маселен, калкты жогорку сапаттагы көмүр менен камсыз кылуу, Бишкек жылуулук борборунун от казандарын жаратылыш газына өткөрүүнү даярдоо, Бишкек шаарынын калктуу конуштарын жана анын айланасындагы аймактарды газдаштыруу, унаалардын катализаторлорун текшерүү иштеринин жүрүшү, коомдук транспортторду экологиялык түргө өткөрүү сыяктуу иштердин аткарылып жаткандыгы тууралуу учкай маалымат беришти.

Маалым болгондой, мамлекеттик банктар тарабынан “Элдик Банк” ААКсы, “Айыл Банк” ААКсы үйүнө жаратылыш газын киргизүүнү каалаган жарандарга жеңилдетилген шартта насыя берүүнү активдүү улантып жатканын билдирсе, ал эми “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы газдаштыруу системасына кире турган аймактар жакынчы төрт жыл ичинде толук газдаштырылаарын кошумчалады.

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жыйынга катышкан тиешелүү мамлекеттик органдардардын жетекчилерине абаны тазартууга багытталган иш-аракеттерди мындан ары күчөтүүнү тапшырып, бир катар тапшырмаларды берди.

Анда Бакыт Төрөбаев, Финансы министрлиги, Энергетика министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы газдаштыруу боюнча өз алдынча План иштеп чыгууну, Саламаттык сактоо министрлиги ыштын таасиринен улам келип чыгуучу оорулардын методологиясын иштеп чыгуу, абанын сапатын текшерген датчиктерди жеткиликтүү деңгээлде коюлушу, Бишкек мэриясы ишкердик субъекттерди текшерүүсүн күчөтүү, Мамлекеттик курулуш агенттиги жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдө өз алдынча газ казандарынын болушун көзөмөлдөө, мамлекеттик банктарга газдаштырууну каалаган жарандар үчүн алардын документтерин кабыл алууда жөнөкөйлөштүрүү, Энергетика министрлигине күн панелдерин орнотууну күчөтүү, ошондой эле Кыргызстанга сырттан алынып келген унаалардын катализаторлору текшерилгенден кийин гана бажыдан өткөрүлүшү керек деген сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Жогоруда айтылган тапшырмалардын негизинде активдүү иштер жүргүзүлүшү керектигин айткан МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, аткарылган иштер боюнча бир айдан кийин отурум болоору жана анын жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине баа берилээрин билдирди.

Связанный пост