Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводго калдыктарды жеткирүү башталды
Бүгүн Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү жаңы заводго шаардагы катуу калдыктардын алгачкы пилоттук партиясы жеткирилди.
Мэриядан билдиришкендей, пилоттук иш-чаранын алкагында 17 атайын унаа бир жолку ташууда 126 тонна катуу таштанды жеткирди. Көлөм 1000 тоннага жеткенде, калдыктарды кайра иштетүү процесси башталып, андан кийин электр энергиясын өндүрүү жолго коюлат.
Мэр Айбек Жунушалиев объектти жеке өзү карап чыгып, курулуштун жүрүшү жана ишке киргизүү иштери менен таанышты.
Заводдун курулушу учурда акыркы этапта. Объекттин ачылышы 2025-жылдын 26-декабрында пландаштырылууда.
Долбоор 2023-жылдын ноябрында мэр Айбек Жунушалиев жана Junxin компаниясынын башкы директору Дай Даогуо кол койгон алкактык келишимдин негизинде ишке ашууда. 2024-жылдын 29-мартында курулуш аянтчасына министрлер кабинетинин төрагасынын катышуусунда мезгил капсуласы салынган.
Инвестициялык долбоор министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-мартындагы №113 токтому менен бекитилген.
Инвестициянын жалпы көлөмү 95 миллион АКШ долларын түзөт.