Бишкектеги “Россия” жана “Ала-Тоо” кинотеатрлары оңдоодон өткөрүлөт

Бишкектеги “Россия” жана “Ала-Тоо” кинотеатрлары оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов аталган кинотеатрларга болгон иш-сапарында тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

Министрликтен билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө алгач кинотеатрлардын учурдагы сырткы жана ички келбетине өзгөчө көңүл бурулду. Максүтов эки имараттын тең маданий-тарыхый маанисин сактоо менен бирге заманбап стандарттарга жооп бериши керектигин белгиледи.

“Россия” жана “Ала-Тоо” кинотеатрлары биздин борбордун маданий жашоосунда маанилүү орунду ээлейт. Алар функционалдуу гана эмес, ошондой эле коноктор үчүн ыңгайлуу дагы болушу шарт”, — деп белгиледи министр.

Жыйынтыгында Алтынбек Максүтов кинотеатр жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда төмөнкүлөргө көңүл бурууну талап кылды:

• Имараттардын сырткы жана ички келбетин жакшыртуу жана косметикалык оңдоо иштерин жүргүзүү;

• Жылытуу, жарыктандыруу жана желдетүү системаларын жаңылоо;

• Көрүүчүлөр жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Министр ошондой эле бул иш-чараларды чечүүнүн зарылчылыгын белгилеп, маданий объекттер мүмкүн болушунча кыска убакытта нормага келтирилиши керектигин айтты. Министрликке караштуу Кино департаментинин жетекчилигине деталдуу планын иштеп чыгып, аны жакын арада ишке ашыруусун тапшырды.

“Бул кинотеатрлар биздин маданий мурастарыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Биз аларды келечек муундар үчүн сактап, жаңылоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, — деп билдирди Алтынбек Максүтов.

Связанный пост