Бишкектеги мал базарлар жабылды

Бишкектеги “Жантай” мал союучу жайы жана шаардагы мал базарлар жабылды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча регионалдык башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, санитардык нормаларга жооп бербегендигине жана жарандардын көп сандаган нааразычылыктарына байланыштуу “Жантай” мал союлуучу жайдын иши токтотулду. Бул чечим комиссиянын протоколунун жана №377 токтомдун негизинде кабыл алынды.
Мындан тышкары, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана мал-жандардын сатуу шарттарын бирдиктүү стандарттарга алып келүү максатында жаңы ири базар курулуп, анын ишке кириши менен шаар аймагындагы бардык мал базарлары жабылды.
“Бул чаралар санитардык-ветеринардык коопсуздукту жогорулатууга, малды союу жана сатуу процессине бирдиктүү талаптарды киргизүүгө, ошондой эле жарандардын саламаттыгын коргоого багытталган”,-деп айтылат маалыматта.