Бишкектеги дүкөндөрдө жашылчалардын баасы арзандады

 Бишкектеги дүкөндөрдө жашылчалардын баасы арзандады

Бишкектеги дүкөндөрдө жашылчалардын баасы арзандады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, азык-түлүк товарларынын бааларын жума сайын салыштырылып, мониторинг жүргүзүлүп турат.

Гипермаркеттердеги баалардын мониторингинин жыйынтыгы боюнча, 14-августуна карата социалдык маанилүү азык-түлүк түрлөрүнүн баалары ушул эле жылдын 5-августуна салыштырмалуу төмөндөгөндүгү байкалууда. Айрыкча жашылчалардын баасы кескин арзандады.

Негизги азык-түлүктөрдүн бааларындагы өзгөрүүлөр (сом жана пайыздык көрсөткүч менен):

  • сабиз — 49 сом, 15,5%га арзандады (мурун 58 сом);
  • пияз — 43 сом, 4,4%га арзандады (мурун 45 сом);
  • картөшкө — 45 сом, 8,0%га арзандады (мурун 49 сом);
  • капуста — 27 сом, 10,0%га арзандады (мурун 30 сом).

Жашылча бааларынын төмөндөшү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн жеткирүү көлөмүнүн өсүшү менен байланыштуу. Баалардын динамикасын мониторинг жүргүзүү үзгүлтүксүз улантылат.

Связанный пост