Бишкектеги базаларда көмүр жетиштүү

 Бишкектеги базаларда көмүр жетиштүү

Бишкектин төрт районундагы көмүр базаларында жалпы 13 миң 190 тонна көмүр бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көмүр тоннасына 7 миң сомдон өйдө сатып ала алышат.

Маалыматка ылайык, Ленин районунда 5 миң 370 тонна, Свердлов районунда 5 миң 550 тонна, Октябрь районунда 1 миң 713 тонна жана Биринчи май районунда 557 тонна көмүр камдалган.

Ленин районунда Кара-Кече маркасындагы көмүр төмөнкү даректерде сатылат:

  • Ак-Ордо-3 конушу, Жума көчөсү, 498;
  • Ак-Ордо-3 конушу, Жаңы-Муун көчөсү, 49;
  • Новопавловка конушу, Усупбаев көчөсү, 83/4;
  • Мурман көчөсү, № 67а жана № 126;
  • Б. Алыкулов көчөсү, № 3;
  • Сарыкулаков көчөсү, № 6д;
  • Дэн Сяопин проспектиси, № 306а;
  • Мурман көчөсү, 45/2-контур;
  • Селекция конушу, Таш-Рабат көчөсү, 4а.

Миң-Куш маркасындагы көмүрдү Мурман көчөсү, № 122а дарегиндеги “Береке” көмүр базасынан жана Дэн Сяопин проспектиси, № 308/4 дарегинен сатып алууга болот. Шабыркүл көмүрү Б. Алыкулов көчөсү, № 1д/1 дарегинде сатылат. Бул райондо көрсөтүлгөн маркалардагы көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сом турат.

Свердлов районунда 9 көмүр базасы иштейт. Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 7 миң сом, Шабыркүл көмүрүнүн бир тоннасы 7 миң 800 сомдон сатылууда.

Октябрь районунда кышка карата 1 миң 713 тонна көмүр камдалган. Учурда райондогу бардык сатуу түйүндөрүндө көмүр бар.

Биринчи май районунда 557 тонна көмүр бар. Кара-Кече маркасындагы көмүрдү төмөнкү даректерден сатып алууга болот:

  • И. Айдарбеков көчөсү (мурдагы Жаш Гвардия көчөсү), 337, 390-контур;
  • Түндүк айланма жол, 383-контур;
  • Саадаев көчөсү, 8б;
  • Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү, 50;
  • Озёрное айылы, Школьная көчөсү, 3;
  • СУ дача тилкеси, “Трикотажник Б.Ш.”.

Миң-Куш көмүрү Озёрное айылы, Школьная көчөсү, 1д дарегинде, ал эми Шаргунь көмүрү Школьная көчөсү, 1а/3 дарегинде сатылат.

Бул райондо Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 7 миң сом, Миң-Куш 8 миң сом, Шабыркүл 7 миң 600 сом турат.

Связанный пост