Бишкектеги автобекеттерде билеттерди алдын ала брондоо системасы ишке кирди

Бишкек шаарындагы автобекеттерде билеттерди алдын ала брондоо жана сатып алуу системасын ишке кирди.
Мэриядан билдиришкендей, бул система эл аралык жана шаарлар аралык каттамдар үчүн билеттерди расмий сайттан https://tezket.kg/ 10 күн мурун брондоого мүмкүнчүлүк берет.
Сайт аркылуу маршрутту, кетүү күнүн жана жүргүнчүлөрдүн санын көрүүгө болот. Маршрут тандалгандан кийин анкета толтурулуп, билет үчүн төлөм жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, учурда кадимки тартипте “Бишкек автобекети” (Алма-Ата көчөсү, 1/1) жана убактылуу иштеп жаткан батыш автобекети (“Ак-Кула” ат майданынын жанында) иш алып барууда.
“Бишкек автобекети” төмөнкү муниципалдык транспорт каттамдары жүрөт:
- Автобустар: №13, №34 жана №8(Т)
- Кичиавтобустар: №123 жана №128
“Ак-Кула” ат майданына төмөнкү автобустар каттайт:
- №13, №40 жана №32
Эске салсак, убактылуу иштеп жаткан батыш автобекетинде (ипподром “Ак-Кула”) билеттерди алдын ала брондоо жана сатуу системасы техникалык маселелер чечилгенден кийин жакынкы аралыкта ишке киргизилет.