Бишкектеги №33 мектеп-гимназияга Казакстандын президентинин атасы Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылды

 Бишкектеги №33 мектеп-гимназияга Казакстандын президентинин атасы Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылды

Бишкектеги №33 мектеп-гимназияга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылды. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Ал белгилегендей, казак жазуучусу Кемел Токаевдин ысымын ыйгаруу демилгеси мамлекет башчысы Садыр Жапаровго таандык.

Ошондой эле Аскат Алагөзов маалымдагандай, Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө бул жаңылыкты Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге айткан.

Белгилей кетсек, Кемел Токаев 1923-жылдын 2-октябрында Алматы облусунун Каратал районундагы туулган.

Ал казак жазуучусу, казак прозасындагы детектив жанрынын негиздөөчүсү.

Коллективдештирүү жылдарында жана ага удаа келген ачарчылык маалында Кемел Токаевдин үй-бүлөсү өз мекенин таштап, журт которууга аргасыз болгон. Бир нече жыл Фрунзе шаарында жашаган.

Бул жерде Кемел Токаев ата-энесинен, жакындарынан ажырап, жетим балдар үйүндө тарбияланган.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында тагдыр Кемел Токаевди экинчи жолу Кыргызстанга алып келди. Ал Фрунзе шаарындагы жөө аскерлер мектебинде (азыркы 33 – мектеп-гимназияда) билим алып, ушул жерден фронтко чакырылган.

Жакында Касым-Жомарт Токаев №33 мектеп-гимназияга автобус белек кылды.

Ошондой эле мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрү үчүн Алматыдагы Сатпаев университетинде акысыз окууга үч орун бериле турганы маалым болду.

Связанный пост