Бишкекте жыл башынан бери 7 миң абонент көгүлтүр отко туташтырылды
Бишкек шаарында жыл башынан бери 7 миң абонент көгүлтүр отко туташтырылды. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен, 1990 абонент – коммерциялык объекттер болсо, 127си өнөр жай объектилери, ал эми 4883ү турак үйлөр.
Эскерте кетсек, Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууга “Элдик банк” жана “Айыл банк” тарабынан жеңилдетилген насыялар берилүүдө.