Бишкекте жугуштуу ооруулар көбөйүүдө
Бишкекте жугуштуу ооруулар көбөйүп, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында бейтаптардын саны эки эсеге көбөйдү. Аталган шыпааканага буга чейин күнүнө 170ке чукул ооруулар кайрылса, азыр болжол менен 300-350гө жетет. Алардын 80 %ы жаш балдар. Көбүнчөсү ич өткөк, курч ичеги инфекциялары, энтеровирустук инфекциялар жана суу чечек, кызылча менен ооругандар дагы бар. Дарыгерлердин айтымында жыл сайын ушул мезгилде жугуштуу оорулар күчөйт. Учурда ооруканаларда дары-дармектер жетиштүү, тиешелүү бөлүмдөр күнү-түнү бейтаптарды кабыл алууда.