Бишкекте жугуштуу оорулар ооруканасында жаңы балдар бөлүмү ачылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев борбор калаада Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын жаңы балдар имаратынын ачылыш аземине катышты.

МинКаб Төрагасы өз сөзүндө өлкөнүн эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууда инфекциялык кызматтардын өзгөчө ролун белгиледи.

“Инфекциялык оорукана эпидемиологиялык коопсуздуктун негизги коргогучтарынын бири жана оорулардын жайылышын алдын алуудагы негизги линия болуп саналат. Бул жерде бейтаптар тез арада изоляцияланып, инфекциянын негизги булактары аныкталып, алардын жайылышына бөгөт коюлат. Бул мекеменин маанилүүлүгүн COVID-19 пандемиясы учурунда, оорукана эң оор оорулууларды кабыл алып, бүткүл системанын ишин координациялаганда баарыбыз көрдүк”, – деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Ал медицина кызматкерлерине ак ниет эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

“Сиздер күн сайын өз ден соолугуңарды тобокелге салып, оор жана жооптуу иштерди аткарып жатасыздар. Сиздердин аркаңыздар менен өлкө боюнча жарандардын коопсуздугу жана саламаттыгы камсыз кылынууда”, – деди МинКаб Төрагасы.

Үч кабаттуу жаңы имарат жугуштуу оорулар менен жабыркаган балдарды дарылоого ылайыкталган жана заманбап медициналык талаптарга жооп берет. Ооруканада изоляцияланган жана жарым изоляцияланган бөлмөлөр, желдетүү жана абаны чыпкалоо системалары, бейтаптарга жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Оорукананын айланасы көрктөндүрүлүп, диагностикалык жана дарылоонун заманбап технологиялары ишке киргизилген.

“Эми биздин жаш дарыланып жаткандар эл аралык талаптарга жооп берген ыңгайлуу жана коопсуз шарттарда медициналык жардам ала алышат. Бул иш-чара өлкөнүн бардык саламаттыкты сактоо системасы үчүн өзгөчө мааниге ээ”, – деп белгиледи ал.

Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан оорукананын жамаатын жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, долбоорду ишке ашырууга салым кошкондордун бардыгына ыраазычылык билдирди.

Адылбек Касымалиев ошондой эле Министрлер Кабинети саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип жатканын белгиледи.

“Өлкөдө буга чейин жылына 600гө жакын объект курулса, 2025-жылы мамлекеттик каржылоонун эсебинен 3 миңден ашуун объект курулат, анын 32си медициналык мекемелер. Акыркы эки жылда саламаттыкты сактоонун бюджети 22ден 49 миллиард сомго чейин өстү. Гемодиализге эле 2025-жылы 2,5 миллиард сом бөлүндү, ал 2022-жылы 300 миллион сом болгон. 2030-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону 130 миллиард сомго жеткирүү пландалууда”, – деп белгиледи МинКаб Төрагасы.

МинКаб Төрагасы саламаттыкты сактоо тармагындагы системалуу иш жарандардын ден соолугун чыңдоого, адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана өлкөнүн туруктуу келечегин камсыздоого багытталганын белгиледи.

“Өлкөдө канчалык ден соолугу бекем адамдар көп болсо, экономика ошончолук күчтүү болуп, өнүгүүгө потенциалы чоң. Балдарыбыз дени сак болуп чоңоюп, Кыргызстандын ар бир жараны тынчтыкта, ынтымакта, бакубатчылыкта жашасын”, – деп жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.

Связанный пост