Бишкекте жол, соцобъекттерге кеткен чыгымдардын натыйжалуулугун текшерүү боюнча комиссия жыйыны өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык объектилерди жана автомобиль жолдорун курууга жана реконструкциялоого багытталган республикалык бюджеттин каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Белгилей кетсек, комиссияны түзүү жөнүндө тиешелүү чечим ушул жылдын августунда кабыл алынган. Документке ылайык социалдык объектилерди куруу жана автомобиль жолдорун куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиялар түзүлгөн. Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев комиссиялардын ишинин негизги максаты мыйзам бузууларды, кемчиликтерди жана натыйжасыз чыгымдарды аныктоо, аларды жоюу боюнча конкреттүү сунуштарды даярдоо, ошондой эле бюджеттик каражаттарды пайдаланууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти жогорулатуу болуп саналаарын баса белгиледи.

Текшерүү менен 2022-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилди камтуу чечими кабыл алынды.

Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу маселелери, тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү методикасын аныктоо жана башка маселелер каралды.

Связанный пост