Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Мурас” көмөк чордону ачылды

Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек шаарында жаңы жогорку чыңалуудагы 110/10 кВ “Мурас” көмөк чордонунун ачты.

Ведомстводон билдиришкендей, “Мурас” көмөк чордону шаардын түштүк-батыш аймагындагы турак массивдерди, социалдык объекттерди жана инфраструктураны туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылат. Ошондой эле учурдагы “Ново-Южная”, “Арча-Бешик” жана “Пиковая Котельная” көмөк чордондордогу жүктү жеңилдетет.

Көмөк чордонду куруунун бирден-бир максаты – Бишкекте курулуп жаткан “Мурас” стадионун, жаңы көп кабаттуу турак үйлөрдү, Евразия балдар көңүл ачуу паркын жана жаңы салынып жаткан бизнес-борборлорду электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн алдын ала жүргүзүлгөн даярдык иштеринин бири.

Маалымат үчүн: “Мурас” көмөк чордону шаардын түштүк-батыш тарабында 50 соток жер тилкесинде, “Мурас” футбол стадионуна жана Мамлекеттик ипотека программасы боюнча курулган турак үйлөргө жакын жайгашкан.

Объектке орнотулган жабдуулар:

  • кубаттуулугу 40 000 кВА болгон күч трансформатору;
  • 110 кВ элегаз өчүргүчтөрү;
  • 110 кВ ажыраткычтар;
  • сыртта орнотулган 10 кВ комплекттүү бөлүштүрүүчү түзүлүштөр.

Связанный пост