Бишкекте жерге мунапыс берүү боюнча комиссиялар ишин улантууда
Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен бирге жер мунапысына туш келген объекттер боюнча комиссиянын ишин улантууда.
Ленин райондук комиссия иш баштагандан бери жалпысынан 1903 арыз каралып, анын ичинен 601 арыз боюнча оң чечим чыгарылып, 249 арыз боюнча тиешелүү кызматтарга документтерди толуктоо үчүн жөнөтүлүп,1749 арыз «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик башкармалыгына шаар куруу корутундуларын берүү жөнүндө маселени кароого жөнөтүлгөн.
Свердлов райондук комиссиясында 65 материал каралып, анын ичинен 40 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 15 материал тиешелүү кызматтарга кошумча изилдөөгө жиберилген, 10 материал «Бишкекглавархитектура» мамлекеттик мекемесине шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн жиберилген.
Свердлов райондук комиссия иш баштагандан бери жалпысынан 2204 арыз каралып, анын ичинен 234 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 368 арыз боюнча материалдар толуктоо үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлүп, 1849 арыз «Бишкекбашкыархитектура» мекемесине шаар куруу корутундуларын берүү жөнүндө маселени кароого жөнэтүлгөн.
Биринчи май райондук комиссиясында 19 материал каралып, анын ичинен 18 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 1 арыз тиешелүү кызматтарга кошумча изилдөөгө жиберилген.
Биринчи май райондук комиссиясынын иши башталгандан бери жалпысынан 2173 арыз каралып, анын ичинен 90 арыз боюнча оң чечим чыгарылып, 82 материалды толуктоо үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлүп, 2072 арыз “Бишкекбашкыархитектура” мекемесине шаар куруу корутундуларын берүү жөнүндө маселени кароого жөнөтүлгөн.
Документтер күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин мкрн дареги боюнча кабыл алынат. Тунгуч, 57 (Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу бөлүмү), байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.
Маалымдама: Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 токтомунун негизинде “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде иш алып барат.