Бишкекте жер мунапысын аяктоо иштери жүрүп жатат
Бишкек шаарында жер мунапысын бүтүрүү боюнча иштер жигердүү жүрүп жатат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коллегиялык жыйында айтылганын калаа мэриясынан билдиришти.
Жыйын “Бишкек жылуулук электр борборунун” аймагында өтүп, анда бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Мыйзамсыз жер пайдаланууларды мыйзамдаштыруу жана көзөмөлдү күчөтүү максатында конкреттүү чаралар көрүлүүдө.
Мэрдин орун басары Азамат Кадыров айрым жетишкендиктерди белгиледи:
- Темир жол коргоо зонасында жайгашкан 100дөн ашык үй мыйзамдаштырылды;
- Көрүстөндөргө жакын жайгашкан 573 үйдүн мыйзамдаштыруу маселеси чечилди — санитардык зона 50 метрден 10 метрге чейин кыскартылды;
- “Үмүт” конушундагы саркынды суу зоналарында жайгашкан 300 үй мыйзамдаштырылды;
- Кызыл сызыктан чыгып калган 1418 турак жай мыйзамдаштырылууда;
- Жер мунапысын жөнгө салган жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди — айрыкча жер тилкесинин өлчөмүн аныктоо тартиби такталды;
- Жер Кодексинин 63-беренесине ылайык сунуштар иштелип чыкты.
Ошондой эле мэриянын түзүмдөрүнө жана жергиликтүү администрацияларга төмөнкү милдеттер жүктөлдү:
- 2025-жылдын 1-ноябрына чейин көйгөйлүү объекттер боюнча көчмө жыйындарды бүтүрүү;
- 2025-жылдын 1-ноябрына чейин шаар эски чектериндеги иштерди аяктоо;
- 2025-жылдын 31-декабрына чейин жаңы чектердеги иштерди бүтүрүү.
Бишкек шаардык курулуш жана архитектура башкармалыгы курулуш корутундуларын берүү жана жерди жоболоштуруу долбоорлорун каттоону жүргүзөт.
Мындан тышкары, муниципалитет президенттин жерди мыйзамсыз ээлөөнү алдын алуу жөнүндө жарлыгын аткарууну күчөтөт.