Бишкекте жер астындагы Old Bishkek комплексинин курулушуна старт берилди

Бүгүн Бишкекте жер астындагы “Old Bishkek” көп функционалдуу комплексинин курулушунун мезгил кутусун салуу аземи өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, “Ташболот Холдинг” ЖЧКсынын директору Назгүл Түлеева жана шаар тургундары катышты.

Белгилей кетсек, долбоордун наркы 2 млрд сомду түзөт. Курулуш иштери тендерди утуп алган “Ташболот Холдинг” жана “Олд Бишкек” компанияларынын жеке инвестициялары аркылуу ишке ашырылууда. Шаар бийлиги объектти инвесторлорго 49 жылга ижарага берет.

Айбек Жунушалиев өз сөзүндө долбоор шаардын кызыкчылыгы үчүн ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

“Бул маанилүү ички инвестиция. Мэрия бул процесске активдүү катышып, өз салымын кошууда. Курулуш көп функционалдуу болуп, бир эле убакта бир нече шаардык көйгөйлөрдү чечет. Бул жөн эле өтмөк эмес. Шаар тургундары үчүн жер астындагы унаа токтоочу жай жана заманбап талаптарга ылайык шарттары каралган соода борборлору курулат. Бир долбоор менен бир эле учурда көптөгөн көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылабыз. Албетте, масштабдуу оңдоо иштери жүрүп жатат, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн тургундардан кечирим сурайбыз. Бирок, жолдорду азыр иретке келтирбесе, абал мындан да оорлойт. 6-8 айдын ичинде жолду ачабыз, бирок иш уланат. Ал эми долбоор эки жылдын ичинде толук бүткөрүлөт”, – деди ал.

Өз кезегинде “Ташболот Холдинг” компаниясынын директору Назгүл Түлеева долбоордун негизги максаты шаардык экологияны жана инфраструктураны өнүктүрүү экенин белгиледи.

“Долбоор Абдрахманов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки жөө жүргүнчүлөр зонасын, 220дан ашык орундуу жер астындагы унаа токтотуучу жайды жана заманбап инженердик системаларды камтыйт. 16 лифт жана 12 эскалатор орнотулуп, ыңгайлуу жашылдандыруу жана навигация киргизилет. Жашылдандыруу концепциясы ландшафттык дизайн боюнча алдыңкы адистердин катышуусунда иштелип жатат”, – деп белгиледи компаниянын директору.

Долбоордун архитектору Виталий Нам “Олд Бишкек” заман талабына жооп берген заманбап архитектуралык чечимге айланарын кошумчалады.

“Шаардын борбордук көчөлөрүндө дайыма тыгын болуп келет. Анткени, ал жерде көптөгөн иш-чаралар өтөт, эл көп убактысын ушул жерде өткөрөт. Жаңы комплекс транспорттук жана социалдык көйгөйлөрдү да чечет. Унаа токтоочу жайлардан бошотулган жерлер жашылдандыруу жана жөө жүрүү жолдоруна берилет. Комплекстин бир бөлүгү тарыхый, экинчи бөлүгү заманбап стилде жасалгаланат.

Ошондой эле коопсуздукка көп көңүл бурулуп, бардык өтмөктөр эскалаторлор менен жабдылат”, – деп кошумчалады ал.

Связанный пост