Бишкекте жатаканадан өрт чыгып, бир адам каза болду
Бишкекте 3 кабаттуу жатаканадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Тилсиз жоо өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен саат 10:20да толук өчүрүлдү.
Өрт болгон жерден 2004-жылы туулган чет өлкөлүк жарандын сөөгү табылган. Тилсиз жоодон жалпы 38 адам эвакуацияланды.
Өрттүн аянты болжол менен 20 чарчы метрди түздү.