Бишкекте “Жаш мугалимдин депозити” программасынын алкагында 100 мугалим колдоо алды

Быйыл “Жаш мугалимдин депозити” программасы боюнча 125 арыздын ичинен 100 мугалим тандалып алынган, аларды колдоого жергиликтүү бюджеттен 7,7 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Жалпысынан борбордо 244 билим берүү уюму иштейт, анын ичинен 120 мектеп жана 118 бала бакча.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 7 мектепке чейинки билим берүү уюму муниципалдык менчикке өткөрүлүп, айрымдарында капиталдык оңдоо иштери башталды. Анын ичинен 5 райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилди.
2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча 120 жалпы билим берүү уюмдарын 236 947 окуучу, анын ичинен 25 128 1-классты бүтүргөн.
Бардык мектептерде «Коопсуздук баскычы» орнотулуп, аны тейлөөгө 2025-жылга 15 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, камералар орнотулбаган мектептерге жана бала бакчаларга видеокөзөмөл системаларын орнотуу үчүн 24,6 миллион сом бөлүнүп, тендер жарыяланган.