Бишкекте жаңы насостук станция ачылды
Бишкек шаарында жаңы №3 насостук станция ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, станция негизги жылуулук тармактарынын абалын жакшыртуу, борбор калаанын борбордук жана батыш бөлүктөрүнүн тургундарын жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн курулган.
Станциянын ачылышына катышкан калаа башчысы Айбек Жунушалиев жаңы станция Бишкектин жылытуу системасын жакшыртууга багытталган маанилүү долбоор экенин белгиледи.
“Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы 143 миңден ашык абонентти жылуулук менен камсыз кылат жана шаардын маанилүү өнөр жай ишканаларынын бири болуп саналат. Шаарды жылуулук менен камсыз кылуу – татаал жана жооптуу иш экенин баса белгилегим келет. Бүгүн ачылып жаткан станция – көп жылдык пландоо жана курулуш иштеринин жемиши”, – деди.
Иш-чаранын алкагында станциянын аймагына көчөттөр отургузулду.
Маалымат үчүн: Курулуш 1986-жылдан бери пландаштырылган, бирок ар кандай себептерден улам кечеңдеп, 2024-жылы башталган. Долбоор үчүн жалпысынан 0,85 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Иштерди тендердин жеңүүчүлөрү жүргүзүшкөн.