Бишкекте жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди

 Бишкекте жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди

Мэриянын буйругуна ылайык, 2023-жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин абанын температурасы 28 градуска жеткенде жана андан жогору болгондо   жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет.

Салмагы 18 тоннадан ашкан оор жана чоң габариттүү унаалардын жүрүшүнө убактылуу тыюу салынды.

Тыюу тиешелүү уруксаттардын негизинде адамдарды, гуманитардык жардамдарды, көлөмдүү жана атайын жүктөрдү ташыган унааларга жайылтылбайт.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы ЖКККББ  менен биргеликте шаардын айланасына кошумча жол белгилерин орнотушат.

Связанный пост