Бишкекте «Заковат» эл аралык турниринин ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Саида Мирзиёева менен бирге «Заковат» интеллектуалдык оюнунун эл аралык турниринин ачылыш аземине катышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Бишкек шаарында “Заковат” интеллектуалдык оюну боюнча  ачык Азия чемпионатын уюштуруу демилгесин жеке өзү көтөрүп чыккан Саида Мирзиёевага ыраазычылык билдирди.

Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Саида Мирзиёева турнирдин Бишкекте өтүшү эки боордош мамлекеттин маданий-гуманитардык кызматташтыгынын жаркын үлгүсү экенин белгиледи.

Иш-чара эки боордош элдин ортосундагы гуманитардык байланыштарды бекемдеп, билим берүү, илим жана маданият тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө бекем негиз түздү.

Мелдештин форматы – “брейн ринг” – динамикалуу жана кызыктуу беттешүүнү болжолдойт, мында командалар билимдин ар кандай чөйрөсүндөгү татаал суроолорго жооп беришет.

Связанный пост