Бишкекте Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу талкууланды
Күн мурун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча жыйын өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда өттү.
Анда министрликтин президенттин “Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы талкууланды.
Мурдагы тажрыйбада стратегиялык документтерди сырттан келген эксперттер жазып келген болсо, бул жолу тандоо маселесине жоопкерчиликтүү мамиле кылуу чечими кабыл алынды. Жалпысынан алганда пландын учурдагы редакциясы жакшы баа алды, бирок аны иштеп чыгуу процессинде Эмгек министрлигинин миссиясын ага жетүүдө күчөтүү зарыл.
“Биз бул Программа менен 5 жыл жашайбыз жана иштейбиз, ошондуктан буга чейин эмнелер эске алынбай калган болсо, алардын баарын планга киргизип, ишке ашыруу керек”, – деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов.
Жаңы дайындалган эмгек министри К.Сагынбаев пландын долбооруна киргизилген чараларга бирдиктүү мүнөз берүү зарылдыгын белгиледи.
Жыйындын катышуучулары өнүгүүнүн негизине демографиялык процесстерди, бир жагынан жашоо узактыгынын жогорулашын, экинчи жагынан төрөттү стимулдаштырууну киргизүү чечимин кабыл алышты. Өзгөчө көңүл баланын алгачкы үч жылдык активдүү өсүү мезгилинде колдоо чараларына бурулду.
Ишке орноштуруу маселелеринде иш менен камсыз кылууну камсыз кылган уюмдардагы турак жай фондун калыбына келтирүү, ошондой эле башка шаарлардан келгендерге жатакана берүүнү кароо сунушталды. Эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоо максатында жумуш берүүчүлөрдүн кызматкерди тиешелүү атайын кийим жана атайын бут кийим менен камсыз кылуусуна көңүл бурулду (спец.одежда).
Санарип күн тартибинин алкагында жасалма интеллект элементтерин колдонгон проактивдүү программаларды киргизүү зарылдыгы да көңүл сыртында калган жок. Жыйынтыгында, планды жалпы жонунан дагы да жагымдуу жана натыйжалуу кылуу максатында бир катар кошумча демилгелерди иштеп чыгып, долбоорго киргизүү чечими кабыл алынды.