Бишкекте тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин (КР ТИМ) 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысы иш-чаранын алдында ТИМдин тарыхын чагылдырган фотогалереяны көрүп чыкты, ошондой эле конокторго өлкөнүн дипломатиялык системасынын калыптанышы тууралуу тасма тартууланды.

Президент куттуктоо сөзүндө кыргыз дипломатиясынын тарыхы үч миң жыл мурдагы элдин тарыхы менен тыгыз байланышта экенин айтты. Ал кыргыз эли байыркы замандан бери улуу империялар менен мамиле түзүүдө, бирликтерди курууда жана эгемендүүлүктү сактоодо, жада калса оор кырдаалдарда да дипломатиялык ыкмаларды билгичтик менен колдонгонун баса белгиледи.  Кыргыз дипломатиясында тынчтыкта жанаша жашоо жана өз ара пайдалуу кызматташуу принциптери маанилүү орунду ээлеген, ал бүгүнкү күндө да өлкөнүн эл аралык саясатынын негизи болуп кала берет.

Садыр Жапаров 1990-жылы декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынып, эл аралык укук менен элдердин ортосундагы достук принциптерин таануу аркылуу бекемделгенин айтып өттү.

Мамлекет башчысы кыска убакыттын ичинде Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп, учурда 170тен ашык мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түзгөнүн белгилей кетти. Бүгүнкү күндө өлкө 124 эл аралык уюмдун мүчөсү катары саясий диалогду бекемдөө жана жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көп кырдуу кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүнүн үстүндө.

Мындан тышкары, салтанаттуу аземдин алкагында Президент Садыр Жапаров өлкөнүн тышкы саясатын өнүктүрүүгө зор салым кошкон дипломатиялык кызматтын ардагерлерине ыраазычылык билдирди.

Андан соң мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгын майрамдоого байланыштуу:

III даражадагы “Манас” ордени менен:

Туменбаева Жаныл Туменбаевна -“Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин кеңешинин төрайымы;

“Данакер” ордени менен:

Атабеков Джумакадыр – “Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин аксакалдар кеңешинин мүчөсү;

“Даңк” ордени менен:

Иманалиев Муратбек Сансызбаевич – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагери;

Карабаев Эднан Осконович – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагери;

Кулматов Кенеш Нурматович – мамлекеттик ишмер, советтик жана россиялык дипломат сыйланышты.

Иш-чара майрамдык концерт менен аяктады.

Связанный пост