Бишкекте тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга болгон тарифтер 41,7% жогорулады
2023-жылдын 1-декабрынан тартып «Электр станциялары» ААКтын филиалдары Бишкек шаардык ЖЭБ жана «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын бардык өздүк наркынын деңгээлинде төлөм жүргүзүшөт.
Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрилигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин буйругуна ылайык 2023-жылдын 1-декабрынан тартып «Электр станциялары» ААКтын филиалдары болгон Бишкек шаарынын ЖЭБ жана «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы тарабынан иштелип чыккан жана берилген жылуулук энергиясына болгон тарифтер 1 Гкал үчүн 2 918,92 сом өлчөмүндө бекитилди (салыктарды эске албаганда), башкача айтканда буга чейинки тарифтен 856,9 сомго же болбосо 41,7% жогорулады.
Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр калк үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоо тарифтерине таасирин тийгизбейт.
Аталган «Өнөр жай» жана «Башка керектөөчүлөр» топтору үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга болгон тарифтер 2023-жылдын
1-декабрынан тартып өзгөрдү, ал эми «Бюджеттик керектөөчүлөр» тобу үчүн 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөрө тругандыгын маалымдайбыз.
Ал эми, башка жылуулук менен жабдуучу ишканалардын («Кыргызжыллук» МИ, «Бишкекжылуулукэнерго» КИ жана ж.б. )тиричилик эмес керектөөчүлөрү ошондой эле жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлинде төлөй турганын белгилейбиз.