Бишкекте Татарстан кинолорунун күндөрү өтүүдө
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Татарстан кино күндөрүнүн расмий ачылышы болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага эки өлкөнүн белгилүү кино ишмерлери жана татар киносунун күйөрмандары катышты.
Белгилей кетсек , кино күндөр 9-10 июль күндөрү эки сеанс менен уюштурулуп, Татарстандын заманбап кинематографисттеринин эмгектери, тагыраак айтканда, эл аралык кинофестивалдарда жеңишке жеткен тасмалар тартууланууда.
Ошондой эле ар бир тасманын соңунда тасманы жаратуучулары менен чыгармачыл жолугушуулар өтүп жатат.
Көрсөтүлгөн тасмалар:
16:00 — “Апипа” (2020, режиссёру Ильшат Рахимов);
18:30 — “823-чакырым” (2023, режиссёрлору Амир Галиаскаров жана Ирек Хафизов).
Кинофильмдерге кирүү жана режиссёрлор менен жолугушуу акысыз.