Бишкекте тарыхтагы эң ысык аба ырайы күтүлүүдө
14-18-июль күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин ысып, айрым аймактарда термометрдин көрсөткүчү 41…43°Сге чейин жетип, экстремалдык чекке чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин адистери билдиришти.
Синоптиктердин түшүндүрмөсү боюнча, мындай өзгөчө аптап Борбор Азиядагы жайкы термикалык депрессия жана антициклондун таасиринен улам болууда. Натыйжада Иран, Афганистан жана Борбор Азиянын түштүк-батыш аймактарынан Кыргызстан тарапка өтө жылуу жана кургак аба массаларынын агымы күтүлөт.
Адистер Бишкек шаарынын тарыхындагы акыркы 43 жыл ичиндеги эң жогорку температура 1983-жылдын 30-июлунда катталып, 42,8°Сди түзгөнүн белгилешет.
Акыркы жылдары (2017, 2019, 2021) июль айында аптап 41°Сге гана жеткен. Ал эми ушул жылдын 16-18-июль күндөрү күтүлүп жаткан 43 градустук ысык Бишкектин тарыхый рекордун жаңылашы мүмкүн.
Белгилей кетсек, акыркы 10 жылдагы аймактардын эң жогорку көрсөткүчтөрү: Манас шаарында – 2021-жылдын 27-июлунда 44°С (өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч); Баткен районунда – 2022-жылдын 24-июлунда 40°С; Кадамжайда (Кызыл-Адыр) – 2021-жылдын 8-июлунда 40°С; Таласта жана Раззаковдо – 2025-жылдын 4-июлунда 38°С катталган.
“Быйылкы 2026-жылдын июль айы башталгандан бери эле абанын температурасы 38…40°Сге чейин жетип жатат. Адистер бул көрсөткүчтөр алдыдагы дагы да күчөгөн аномалдуу ысык толкундун башталышы гана экенин эскертишет”,-деп айтылат билдирүүдө.