Бишкекте “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагын түзүү талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунда өзгөчө укуктук режимдеги «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын жана англис укугун колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борборду түзүү жөнүндө президенттин жарлыгынын, ошондой эле «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статусу бар «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле эл аралык консультанттар, сингапурдук «Makara Capital» инвестициялык-консультациялык компаниясынын жетекчилери жана эксперттери катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын (АФИА) түзүү боюнча долбоор өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын бири болуп саналарын жана экономикалык өсүштүн жаңы чекитин түзүүгө багытталганын белгиледи. Аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын координацияланган иши жана зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды өз убагында кабыл алуу зарыл.

Сингапурдук «Makara Capital» инвестициялык-консультациялык компаниясынын өкүлдөрү долбоорду долбоорлоонун жана ишке киргизүүнүн негизги принциптерин баяндашты. Кыргыз Республикасынын улуттук приоритеттерине ылайык аймактын так позициясын аныктоо, көз карандысыз натыйжалуу башкаруу, англис укугун колдонуу жана жагымдуу салыктык жана финансылык шарттарды түзүү зарылдыгы белгиленди.

Эксперттер кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө жана заманбап инфраструктураны түзүүгө өзгөчө көңүл буруп, СЭЗдин модели аймак үчүн уникалдуу болорун, эл аралык каржы борборлорунун мыкты элементтерин айкалыштырарын белгилешти. Консультанттар түзүлүп жаткан “Тамчы” СЭЗи Дубай, Сингапур жана башка өлкөлөрдүн юрисдикцияларындагы каржы зоналарынын ийгиликтүү тажрыйбасын айкалыштырган, ошол эле учурда эл аралык каржы борборунун өзүнчө кыргыз концепциясын түзгөн уникалдуу иштөө форматына ээ болушу мүмкүн экенин баса белгилешти.

Связанный пост