Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын 11-саммити өттү

 Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын 11-саммити өттү

Бишкек шаарында бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын 11-саммити болуп өттү.

 

Иш-чаранын алдында Садыр Жапаровдун Кыргызстанга жыйынга катышуу үчүн келген мамлекет башчыларын: Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевди, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевди, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганды, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанды тосуп алуу аземи болду.

 

Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземинин аягында лидерлер “Түрк дүйнөсүн бекемдөө: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” саммитине катышты.

 

Жыйынды ачып жатып, Садыр Жапаров Кыргызстан өзүнүн төрагалыгынын алкагында көп тараптуу өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга ниеттенип жатканын белгиледи.

 

“Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү соңку жылдары дээрлик 62% га өстү. Бул жетишкендик биздин туура багытта баратканыбыздын көрсөткүчү деп ойлойм”, – деди Мамлекет башчысы жана капиталдык салымдарды көбөйтүүгө, өндүрүлгөн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу рыноктору менен алмашууга багытталган документти иштеп чыгуу боюнча аракеттерди көрүүгө чакырды.

 

Ошондой эле ТМУнун мамлекеттеринин лидерлери жана Уюмдун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев сөз сүйлөштү.

 

Андан кийин мамлекет башчылары ТМУ өлкөлөрүнүн ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө багытталган документтерге кол коюу жол-жобосуна өтүштү.

 

Саммиттин жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанга Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жана байкоочулардын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө, ошондой эле эл аралык аренада Түрк мамлекеттер уюмунун кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө түзгөн өзгөчө эмгеги үчүн “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку орденин” тапшырды.

 

Виктор Орбан ыраазычылык билдирип, бул сыйлык Венгриянын жалпы элине жана түрк өлкөлөрүнүн интеграциясын жактагандарга берилген жогорку баа экенин белгиледи.

 

Анын айтымында, ТМУ  – Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүн бириктирген жана түрк мамлекеттеринин ортосундагы боордоштук мамилелерди чыңдоого олуттуу салым кошкон уюм.

 

Белгилей кетсек, Европа Биримдигинин Кеңешинин төрага өлкөсү болгон Венгрия ТМУда байкоочу статусуна ээ.

 

Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өттү.

Связанный пост