Бишкекте соцбазаларга багытталган көмүр коммерциялык негизде сатылган
Бишкекте социалдык отун базаларына багытталган арзан көмүрдү коммерциялык пункттарда кымбат баада сатуу боюнча схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир катар жеке менчик жүк ташуучу унаалардын айдоочулары социалдык базаларга көмүр жеткирүү шылтоосу менен “Кыргызкөмүр” ААК менен келишим түзгөн жеке ишкерлерге ишенимге кирип, Кара-Кечеден көмүрдү биринчи кезекте жүктөп алышкан. Бирок көмүр баштапкы багытка жетпей, Бишкектеги коммерциялык пункттарга түшүрүлүп, ал жерде кыйла жогорулатылган баада сатылган.
Натыйжада социалдык көмүр базаларына көмүр сейрек түшүп, сатуунун үзгүлтүккө учурашы байкалган. Айрым жеке ишкерлер көмүрдү социалдык базага эмес, чакан партиялар менен башка менчик сатуучу жайларга ташып, ошол жерде бааны көтөрүп сатышкан.
УКМК азыр бул схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана мыйзамсыз аракеттерди бөгөт коюу боюнча иш-чараларды улантууда.
Мындай аракеттер көмүр тартыштыгын жаратып, баанын өсүшүнө жана калктын нааразылыгынын күчөшүнө себеп болууда.