Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салттуу “Мурас” достук футбол турнири башталды

Кыргызстандын борборунда 14-15-декабрь күндөрү өтө турган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен “Мурас” футбол турнири башталды.

 

Бүгүн, 14-декабрда, Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясында анын ачылыш аземи болуп өттү. Мелдешке төрт топко бөлүнгөн 16 команда катышууда.

 

Иш-чаранын алкагында жалпысынан 32 оюн пландаштырылган: топтук этапта 24 жана финалдык 8 оюн.

 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө салтка айланган кезектеги турнирдин башталышы менен куттуктап, өткөрүлүп келген алты жыл ичинде масштабдар кыйла өскөнүн белгиледи. Биринчи беттештерде 8-9 команда катышкан болсо, азыр алардын саны 16га жетип, муну менен жогорку популярдуулукту көрсөтүп жатат.

 

“Биринчи-экинчи оюндарда Президенттин командасы биринчи орунду берчү эмес эле, акыркы убактарда 4-орунга түшүп калды. Бул дагы жакшы нерсе. Башталганда жакшы чуркай албаган аксакалдарыбыз, балдарыбыз бар эле. Алардын деңгээли бүгүн кыйла өстү. Оюндардын маанилүүлүгүн унутта калтырбай, улап кете берели. Биз жаштарыбызды, эл-журтубузду спортко үндөп, чакырышыбыз керек. Анткени спорт – бул ден соолуктун булагы. Спортто дайыма күчтүүлөр утат, спорттун табияты ушундай. Күчтүүлөр жеңсин!” – деди Садыр Жапаров.

 

Оюндар эки жерде: жакында ачылган Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясында жана “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өткөрүлүүдө.

 

Турнирдин катышуучулары:

– Президенттин Администрациянын кызматкерлери, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери — “Президенттин командасы”;

– Маданият жана искусство өкүлдөрү — “Өнөр”;

– Банктардын жана бизнестин өкүлдөрү — “Банктар жана Бизнес”;

– ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер — “Журналисттер”;

– Спорт федерацияларынын өкүлдөрү, спорт жылдыздары, “Алга” ФК легендалары — “Спорт Чеберлери”;

– Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү – “Жогорку Кеңеш”;

– Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — “Аймактар”;

– Дин өкүлдөрү — “Ыйман;

– Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери жана медициналык мекемелердин жетекчилери — “Ден соолук”;

– Билим берүү системасынын кызматкерлери жана окуу жайлардын жетекчилери — “Билим”;

– Сот бийлигинин өкүлдөрү — “Фемида”;

— Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери – “Коопсуздук”;

— ИИМдин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү – “Динамо”;

— Прокуратура органдарынын кызматкерлери – “Көзөмөл”;

– Өткөн мелдештин жеңүүчү командасы “Мурас-Аймак”-“Ноокат”;

– Кыргызстан элинин Ассамблеясы жана диаспоралардын жетекчилери — “Достук”.

 

Эртең, 15-декабрда, чейрек финалдык, жарым финалдык жана финалдык беттештер болот.

 

Оюндардын түз берүүлөрүн УТРК Спорт жана ЭлТР каналдарынан көрүүгө болот.

Связанный пост