Бишкекте окуучуларга коркутуу болуп, үч мектеп курчоого алынды

Мессенжерлердин биринде бир эркек кишинин борбор калаадагы мектеп окуучуларын коркутуп жаткан видеосу тараган.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт каттоого алынып, анын негизинде териштирүү иштери башталган.

Белгиленгендей, Киберкоопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери видеого түшкөн адамдын ким экенин жана анын кайда жүргөнүн аныктоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатышат.

Азыркы учурда №6, №61 жана “Ак-Ордо” жаңы конушунда жайгашкан жалпы билим берүүчү мектеп курчоого алынып, окуучулар жана мектеп администрациясы эвакуацияланды. Окуя болгон жерлерде райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана кинологдор иштеп жатышат.

Шаардык милиция борбор калаанын тургундарына жана конокторуна кайрылып, мындай билдирүү таратты:

«Эгер сиз бул видеодогу эркек кишини таанысаңыз, 102 номуруна чалыңыз. Анонимдүүлүк камсыздалат», — деп айтылат маалыматта.

Териштирүү ишинин жыйынтыгы тууралуу укук коргоо органдары кошумча кабарлаарын билдиришти.

Ал эми И.В. Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназиясында жана анын айланасында жүргүзүлгөн текшерүүдө шектүү буюмдар табылган жок.

Связанный пост