Бишкекте окуучулар 25-ноябрдан 2-декабрга чейин онлайн окуйт
Борбор калаадагы бардык мектептер 25-ноябрдан 2-декабрга чейин онлайн окуйт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды, анын ичинде ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны, ошондой эле алдыдагы шайлоо жана андан кийин мектептерди билим берүү процессине даярдоо зарылдыгын эске алуу менен кабыл алынды.
Сабактар бекитилген окуу пландарына жана график боюнча онлайн режиминде өткөрүлөт. Окуу программаларында кечигүүлөр болбойт.
Сабактар кайра 2-декабрда кадимкидей уланат.
Мындан тышкары, Бишкектеги жогорку окуу жайлар 25-27-ноябрь күндөрү онлайн окутууга өтөт.