Бишкекте Нооруз майрамына карата даярдыктар талкууланды
Бишкекте мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында борбор калаада укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын кеңешмеси өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында Нооруз майрамын өткөрүүгө даярдык көрүү жана башка курч маселелер талкууланды.
Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева майрамдын урматына кандай иш-чаралар пландалып жатканын айтып берди.
Калаа башчысы орун басарына Бишкек шаарындагы бардык майрамдык иш-чараларды координациялоону камсыз кылууну тапшырды.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүү тапшырылды.
Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясына майрамдык иш-чаралар учурунда башаламан сооданы алдын алуу милдеттендирилди.
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна өз компетенциясынын чегинде тийиштүү иштерди жүргүзүү жана коомдук тамактануу жайларында, өзгөчө пландалган Ак-Кула ипподромунун жана убактылуу батыш автобекетинин аймагындагы санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө тапшырылды.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы иш-чаралар учурунда тазалыкты камсыздап, коопсуздукту күчөтүшү керек.
Бишкек шаарынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат.
Мындан тышкары, административдик райондордун башчыларына иш-чаралардын коопсуз өтүшүн камсыздоо, ошондой эле эл көп чогулган жерлерде тартипти жана өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.