Бишкекте нандын бааларына мониторинг жүрүп жатат
Бүгүн, 2023-жылдын 17-октябрь күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары жана салык кызматынын адистери менен биргеликте Ленин жана 1-май райондорунун аймагындагы нан бышыруучу жайларда жана наабайканаларда 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан азыктарынын бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө нан азыктарын өндүрүүчүлөр (нан бышыруучулар) жана сатуучуларга биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) баалардын максималдуу деңгээли белгилөө жөнүндө» буйрук тууралуу маалымат берилди. Мониторинг учурунда буга чейин 30 сомдон сатылып жаткан тагдыр нандары, 27 сомго түшкөнү белгилүү болду. Тандыр нандарынын баалары төмөндөгөнү байкалды.