Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк мамлекетке кайтарылды

Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардын борборунда жайгашкан эки кабаттуу имаратты менчиктештирүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталып, бул факт боюнча Профсоюздар федерациясынын жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө туризм тармагынын кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо жана профсоюздук колдоо үчүн имарат Профсоюздар федерациясынын “Кыргызтуризм” башкармалыгына өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Андан ары, аталган башкармалыктын мурдагы жетекчиси Т.К.А. жеке кызыкчылыктарды көздөп, аталган объектини жеке менчикке чыгаруу боюнча коррупциялык схеманы уюштуруп, аффилирленген жактарга жана өзүнүн туугандарына жол-жоболоштурган.

Кийинчерээк имараттагы жайлар 3 башка адамга сатылган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасында экинчи кабаттын учурдагы ээсине сатуунун суммасы кайтарылды жана ал өз ыктыяры менен жана кайтарымсыз негизде аталган 218,7 чарчы метр объекти (экинчи кабаты толугу менен) Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүп берди.

Учурда “Тукана” кофейнясы жана юридикалык компания жайгашкан биринчи кабатты кайтаруу иштери жүрүп жатат.

Бул багытта 1-кабаттагы жайлардын азыркы ээлеринин жана башка адамдардын мыйзамсыз менчиктештирүүгө катыштыгы бар-жогу текшерилип, жыйынтыгында алардын кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана эркинен ажыратуу жоопкерчилиги каралат.

Связанный пост