Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген 1,5 га жер мамлекетке кайтарылды

“№7 Эл аралык жүк ташуучу автотранспорт ишканасы” ААК тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 1,5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаары, Мессарош көчөсү №100/1 дарегинде жайгашкан Транспорт министрлигине караштуу №7 мурдагы Бишкек жүк ташуучу ишканасынын жер тилкесин менчиктештирүү учурундагы мыйзам бузуулар аныкталды.
1995-жылы Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан Транспорт министрлигине караштуу №7 Бишкек жүк ташуучу ишканасына өндүрүштүк автобаза үчүн 8,34 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилгени аныкталган.
Бирок 2004-жылы ишкана акционерлештирилип, “№7 Эл аралык жүк ташуучу автотранспорт ишканасы” ААК болуп өзгөртүлгөн. Менчиктештирүүнүн жүрүшүндө “Мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештирүүнүн жана ишкерликтин жалпы башталыштары жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин 2-пунктунун талаптары эске алынбай, жер тилкесинин наркы төмөндөтүлгөн.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында “№7 Эл аралык жүк ташуучу автотранспорт ишканасы ” ААКнын жооптуу адамдары менчиктештирүүдө нарктын төмөндөөсүн түшүнүп, ордун толтуруу катары ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына 1,5 Га өлчөмүндөгү жер участогун өткөрүп беришти.
Учурда баалоо экспертизасы дайындалды.