Бишкекте муниципалдык жерлер мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен

 Бишкекте муниципалдык жерлер мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен

Бишкек шаарында муниципалдык жерлер мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын Свердлов районунун курамына кирген Садовое жана Аламүдүн айылдарынын аймагында жайгашкан айрым муниципалдык жер участоктору жеке менчикке мыйзамсыз берилген фактылары аныкталды.

Алсак, 2023-2024-жылдары бир катар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызмат адамдары ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, КР президентинин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгында көрсөтүлгөн тыюуга карабастан, 1,01 га жайыт, 400 чарчы метр токой, 200 чарчы метр жалпы пайдалануудагы жол жана 958 чарчы метр суу коргоо зонасынын аймактарында жайгашкан жалпы 18 жер тилкесин турак жай куруу үчүн мыйзамсыз жеке менчикке берип жиберишкен.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост