Бишкекте милиция кызматкерлери баңгизат сатууга шектелип кармалды
Баңгизатын сатуу менен алектенген Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат Бишкек ШИИБдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган башкармалыктын ыкчам кызматкерлери жарандарга өсүмдүк жана синтетикалык баңгизаттарды пландуу түрдө сатып жүргөндүгүн аныктады.
Күн мурун дагы бир ири дозаны өткөрүп берүү учурунда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкери, милициянын капитаны Б.Д.М., ошондой эле аны менен алдын ала сүйлөшүп алган милициянын лейтенанты Г.М.Б. кармалды.
Белгиленген кызматкерлердин жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында баңги каражаттары табылган.
Иштин материалдарынын алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Кармалган милиционерлер Б.Д.М. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына, ал эми Г.М.Б. Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди.
КР УКМК тарабынан КР Ички иштер органдарынын абийирсиз кызматкерлерин аныктоого багытталган тиешелүү иштер улантылууда.