Бишкекте мектептин мыйзамсыз менчиктештирилген бөлүгү мамлекетке кайтарылды
Бишкектеги №67 мектептин мыйзамсыз менчиктештирилген 751,2 чарчы метр аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат мектептин жеке имаратын менчиктештирүүдө мыйзам бузуу фактысы болгондугун аныктаган.
Такталгандай, 1988-жылы аталган мектептин имаратынын базасында Кошумча компьютердик кабинеттер – СССР илимдер академиясынын илимий-окуу комплексинин Фрунзедеги филиалынын Космос илим-изилдөө институтунун атайын конструктордук бюросунун муктаждыктары үчүн 11 окуу кабинети жабдылып, кийинчерээк акционердик коом болуп өзгөртүлгөн.
Андан соң социалдык объектилер үчүн менчиктештирүү жол-жобосун жүргүзүүдө белгиленген тартипти бузуу менен жайлар жеке менчикке сатылып кеткен.
УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогоруда аталган окуя ырасталган учурда мекеменин учурдагы ээси менчиктештирүү учурундагы мыйзам бузуулар фактысы менен макул болгон жана жайды мамлекеттин менчигине акысыз өткөрүп берген.