Бишкекте мектептердин жанында жол белгилери жана чийиндери жаңыланууда

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин жанындагы жол белгилерин жана чийиндерин жаңылоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер жаңы окуу жылынын алдында балдардын жолдогу коопсуздугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

  • Ленин жана Биринчи май райондорунда иштер аяктады.
  • Октябрь жана Свердлов райондорунда иштер уланууда.

Азыркы учурда №63, №157, жана №39 мектептердин жанындагы жол чийиндери жаңыланып жатат.

Шаар бийлиги айдоочуларды кооптуу аймактарда этият болууга чакырат. Ошондой эле ата-энелерге балдарына жолдо жүрүүнүн коопсуз эрежелерин айтып туруу маанилүү экенин эскертет.

Связанный пост