Бишкекте “Мектепке чейинки мекемелерди куруу” МЖӨ долбоорун илгерилетүү боюнча бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

 Бишкекте “Мектепке чейинки мекемелерди куруу” МЖӨ долбоорун илгерилетүү боюнча бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Бишкек шаарынын  өнүктүрүү агенттигинде балдардын билим берүү бирикмелери чөйрөсүндөгү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун жана Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн мектепке чейинки билим берүү имараттарын уюштуруу жана куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү өздөрүнүн кызыктырган маселелерин белгилешип, Өнүктүрүү агенттигинин жана МЖӨ борборунун жетекчилиги тарабынан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдар жана бекитилип берилген жер тилкелери боюнча талкуу форматында түшүндүрмөлөр берилди.

Жолугушуунун катышуучулары актуалдуу маселелерди жана долбоорду ишке ашыруунун негизги шарттарын талкуулашты. Профилдик түзүмдүк бөлүмдөр долбоорду ишке ашырууга байланышкан техникалык маселелерди тактап, Бишкек шаарынын мэриясынын мүмкүн болуучу экономикалык колдоосун белгилешти.

МЖӨ долбоорун ишке ашырууга кызыкдар болгон учурда демилгечи (потенциалдуу инвестор) ниет катын жана келечекте жеке демилге боюнча сунушту берүүгө тийиш. Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучуларына Садыгалиев көч., 4а дарегиндеги жалпы билим берүү мекемелерин куруу үчүн жер тилкеси боюнча маалымат берилди.

Связанный пост