Бишкекте “Лейлек килемдери – 2023” фестиваль-жарманкеси өттү

Министр Кудайберген Базарбаев бүгүн Бишкекте өткөн “Лейлек килемдери – 2023” фестиваль-жарманкесине катышты. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Ал белгилегендей, колго жасалган килемдер бүткүл дүйнөнүн «жашыл экономикага» умтулуусун чагылдырат.

«Эмгек министрлиги тарабынан КР Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан «Социалдык келишим» долбоорунун катышуучуларынын бири учурда килемдерди жасоо менен алектенет. Ал өзү Лейлек районунан болот жана эмгектери буга чейин райондук, облустук фестивалдарга катышкан.

Кыргызстан “жашыл” экономикага багыт алганын эске алуу менен социалдык келишимдин алкагында токуу, саймачылык, карапа жасоо сыяктуу бизнес-долбоорлор колдоо табаарына ишенем”,-деди Кудайберген Базарбаев.

Связанный пост