Бишкекте кытай тасмаларынын жана телесериалдарынын көргөзмөсү өттү
Бүгүн, 3- август күнү Бишкек шаарында “Пекиндин көрүнүктүү тасмаларынын жана телесериалдарынын чет элдик көргөзмө сезону” өттү.
Кыргызтан, Кытай кызматташтыгынын алкагында өткөрүлгөн бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кинематогрфия департаментинин директору Акжолтой Бекболотов Кыргызстандагы медиа тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.
Министрдин орун Чыңгыз Эсенгул уулу министр Алтынбек Максутовдун сөзүн окуп, Кыргызстан менен Кытай узак жылдар бою достук мамилеге ээ экенин, эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтык боюнча учурда бир катар маанилүү иш-аракеттер аткарылып жатканын, “Пекиндин көрүнүктүү тасмаларынын жана телесериалдарынын чет элдик көргөзмө сезону” жаңы платформасы эки өлкөнүн кино жана теле-индустрия адистери менен эксперттеринин ортосундагы кызматташтык үчүн жаңы аянтча болооруна ишенеээрин, Президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарында ар кандай тармактарда эки тараптуу кызматташуу боюнча маанилүү макулдашууларга жетишилгенин, алар келечекте натыйжалуу ишке ашырылып, эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө дем бере турганын, Президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин идеяларын ишке ашырган “Бир алкак — бир жол” демилгеси эки өлкөнүн коңшулук жана достук мамилесин бекемдээрин белгиледи.
Соңунда катышуучуларга көрүнүктүү кытай тасмалары, кытай маданияты жана салттарын чагылдырган көрсөтүүлөр тартууланып, тажрыйбалуу кинорежиссерлор менен эркин фораматта пикир алышуу болду.
Иш- чара теле көпүрө аркылуу Пекинде оффлайн режиминде, ал эми Кыргызстанда онлайн форматында айкалыштырылган тартипте өткөрүлдү.
Эске салсак, “Пекиндин көрүнүктүү фильмдеринин жана телесериалдарынын чет өлкөлүк көргөзмө сезону» иш-чарасынын максаты Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий жана кинематографиялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн түзүлгөн жаңы платформа болуп саналат.
Аталган платформа Пекин муниципалдык радио жана телевидение бюросу тарабынан уюштурулган.