Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү

 Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү

Жетишилген макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында, 2024-жылдын 19-майынан 25-майына чейин, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

 

Бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелердеги өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

 

Тараптар Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.

 

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Связанный пост