Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери жолугушту

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов менен Россиянын коргоо министри Андрей Белоусовдун ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аскердик кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Белгилей кетсек, Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов Бишкек шаарына Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн бүгүн, 27-майда келди.

Связанный пост