Бишкекте КМШ жаштарынын XVII Дельфы оюндары өтөт
2023-жылдын 6-10-октябрь күндөрү Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Жаштарынын XVII Дельфы оюндары өтөт.
Иш-чара конкурстук жана фестивалдык багытта болот. Ага ылайык Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнүн 10 жаштан 25 жашка чейинки жарандары катышышат.
Алар фортепиано, скрипка, академиялык ырдоо, жеке элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, үйлөмө аспаптарда ойноо, көркөм өнөр жаатында, улттук аспаптарда өнөр тартуулап, алдыңкы орунду алгандарга атайын номинациялар ыйгарылат.
Дельфы оюндарынын программасы:
7-октябрь
18:00-19:30
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Жаштарынын XVII Дельфы оюндарынын расмий ачылыш аземи
Өтүүчү жери: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы (чоң залы).
8-октябрь
09:30- 18:30
Номинациялар боюнча сынактык программалар
Фортепиано багыты- П.Ф.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектеби (чоң зал);
Скрипка багыты – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы (кичи зал);
Академиялык ырдоо багыты – А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры (чоң зал);
Эстрадалык ырдоо багыты – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы (чоң зал);
Жеке элдик ырдоо багыты – А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры (Малахит залы);
Сүрөт искусствосу – Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи.
Элдик бий – Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы;
Үйлөмө аспаптар багыты– М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы (чоң зал);
Көркөм кол өнөрчүлүк багыты– Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи.
Эл аспаптар багыты – Т. Сатылганов Кыргыз улуттук филармониясы (кичи зал).
12:00-13:45
Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнүн катышуусунда эл аралык концеренция өтөт
Конференциянын негизги темалары:
“Дельфийский игры – эффективный инструмент поддержки молодых талантов, развития креативных индустрий и событийного туризма в странах Содружества Независимых Государств”;
“2023 год-Год русского языка как языка межнационального общения в СНГ”.
Өтүүчү жери: И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жыйындар залы
9-октябрь
14:00
Сыйлыктарды тапшыруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 3 локацияда өткөрүлөт.
1- Локация
Академиялык ырдоо, жеке элдик ырдоо , сүрөт искусствосу жана Көркөм кол өнөрчүлүк багыттары
Өтүүчү жери: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры (Малахит залы);
2- локация
Элдик бий, үйлөмө жана элдик аспаптар багыттары
Өтүүчү жери: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы (кичи зал);
3- локация
Фортепиано, скрипка жана эстрадалык ырдоо багыттары
Өтүүчү жери: К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы (чоң зал);
18:00-20:00
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин жаштарынын XVII Дельфы оюндарынын жабылыш аземи жана гала-концерти
Өтүүчү жери: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы (чоң зал).
XVII Дельфы оюндарына катышуучулар Бишкек шаарына 5- 6-октябрда келип башташат.