Бишкекте катуу шамалдан жабыркаган мамлекеттик туу калыбына келтирилди

 Бишкекте катуу шамалдан жабыркаган мамлекеттик туу калыбына келтирилди

Бишкекте катуу шамалдан жабыркаган мамлекеттик туу калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, 17-майдан 18-майга караган түнү катуу шамалдын кесепетинен мамлекеттик тууга зыян келтирилген. Ала-Тоо аянтындагы желек 30 мүнөттүн ичинде ыкчам алмаштырылган.

Күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, түнкүсүн Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болорун маалымдаган.

Эске салсак, былтыр Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик туу жайгашкан жер реконструкциядан өткөн.

31-августта туу көтөрүлүп, узундугу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине карата 100 метр, ал эми Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына байланыштуу 33 метр болгон.

Флагштоктун узундугу мурда 45 метр болчу.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост