Бишкекте катарактага акысыз 300 операция жасалат
18-майдан 27-майга чейин Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда катарактасы бар бейтаптарга 300 акысыз операция жасалат.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришдей, текшерүү жана операция кытайлык офтальмолог-дарыгерлер тарабынан жүргүзүлөт.
Иш-чара “Экспресс-ден соолук – жаркын саякат” эл аралык долбоорунун алкагында уюштурулууда. Долбоордун негизги максаты – катаракта диагнозу коюлган жарандарга жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү.
Бейтаптарды каттоо 12-майдан 18-майга чейин жүргүзүлөт.
Каттоо убактысы: иш күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин.
Байланыш телефону: 0 (555) 025-171.
Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 1.
Катталуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина барборунан офтальмолог-дарыгердин жолдомосу;
- көкүрөк органдарынын рентгенографиясы;
- ЭКГ;
- кандын жалпы анализи, кандагы канттын анализи, зааранын жалпы анализи;
- В жана С гепатиттеринин маркерлери;
- 64 жашка чейинки бейтаптар үчүн RW анализи;
- өздүгүн тастыктаган документтер жана бар болгон күбөлүктөр (пенсиялык, майыптык, “Баатыр эне” жана башка).