Бишкекте Кардиохирургия институтунун имаратынан өрт чыкты

Бишкекте Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун имаратынан өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Тоголок Молдо көчөсү, 3/2 дарегинде жайгашкан институтта чыккан өрттү өчүрүүгө жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоо саат 22:33тө чектөөгө алынып, саат 23:15те толук өчүрүлдү. Кырсыктан 260 адам коопсуз жайга эвакуацияланды. Алардын 216сы бейтаптар болсо, ал эми 44ү дарыгерлер.
Белгиленгендей, өрт кырсыгын ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев өзү жеринде көзөмөлдөдү.
Министр имараттагы абал менен таанышып, дарылануучулардан кабар алды.